"Окуучуларды ЖРТга даярдоо" курсу окуучулардын эне тилинин практикалык грамматикасы, сөздүк-логикалык билгичтиктери боюнча жалпы республикалык тесттке даярдоо максатын көздөйт. Курста маалыматты өздөштүрүү практикалык жагдайда ишке ашырылат, демек, окуучунун өз алдынча иштөөсү маанилүү.

Курс 72 саатка ылайыкташтырылган.

Урматтуу окуучулар, бүтүрүүчүлөр!

         Сиздердин алдыңыздарда чоң сыноо турат. Ал жалпы республикалык тестирлөө жана анын натыйжасында жогорку окуу жайларына тапшыруу.  Бул сыноого чейин силерди бушайман кылган нерсе -  “Кайда барып окуу керек?” -  деген суроо. Сөзсүз,  силер каалаган окуу жайга өтүш үчүн жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы маанилүү.

         Ошондуктан жалпы республикалык тесттин алкагында даярдык деңгээлибизди билсек кандай сонун. Эгерде бул сунуш сизди кызыктырса, анда бул курска кош келиңиз.