Академиялык жазуу курсу - студенттин академиялык ишмердүүлүк жаатында коммуникативдик компетенттүлүгүн арттырууда маанилүү роль ойнойт. Бул курс белгилүү бир илимий теманын алкагында, атайын адистештирилген адабияттарды өздөштүрүү жана тиешелүү илимий эмгектерге таянуу менен өз алдынча анализ жүргүзө алууга, логикалуу ой жүгүртүү менен, оюн ырааттуу туюндура алууга көнүктүрүү максатында иш алып барат.