Саламатсыздарбы Кыргызстан тарыхы курсун угуучулары!

Байыркы кытай философу Конфуций: «Келечекти аӊдап билүү үчүн өткөн тарыхты үйрөнгүлө» деген. Анткени, тарыхты үйрөнүү менен тарыхый түшүнүктөр аркылуу ой жүгүртүүгө, коомду тынымсыз өнүгүүдө кароого, учурдагы коомдук турмушту өткөн мезгил, доор менен салыштырып баалоого, келечекке илимий негизде көз жүгүртүүгө кеӊири мүмкүнчүлүктөр ачылат.

         Тарых – адам коомунун өткөндөгүсүн жана азыркы учурун, коомдук турмуштун өнүгүшүн хронологиялык тартипте жана өз ара байланышта окутуучу илим.

         Тарыхтын мазмунун адамзат турмушундагы өзгөрүүлөр, сакталып калган тарыхый эстеликтер, булактардагы маалыматтар түзөт. Алар аркылуу элдердин, мамлекеттердин чарбасын, ички жана тышкы коомдук турмушун, тарыхый инсандардын ишмердиктерин билебиз.

         Ушундан улам Кыргызстандын тарыхы- байыркы доордон бери Кыргызстандын аймагында жашаган этностордун, биринчи кезекте – кыргыздардынтарыхын, мамлекеттик жана коомдук институттардын калыптанып өнүгүшүн, тарыхый инсандардын ишмердигин окута турган илим десек болот.

         Кыргызстандын тарыхы курсунан сиздер байыркы, таш доорунан берки жана азыркы учурга чейинки Кыргызстандын тарыхы боюнча жалпы маалыматтарды аласыздар.