Проектин алкагында жасалган баардык онлайн-сабактар Creative Commons Share Alike (СС-BY-SA) ачык лицензиясына ылайык лицензиялаштырылган

 Все онлайн-уроки, произведенные в рамках проекта, лицензируются в соответствии с открытой лицензией Creative Commons Share Alike (СС-BY-SA)

  Курстар боюнча башкы адис / Ведущий специалист по курсам: Закиряев Кубан

Leading Specialist of E-Learning: Zakiriaev Kuban

E-mail: kubanz@iksu.kg

 © 2015-2017

 

 

 

“Эл аралык туризм”  курсу  туристтик бизнестин негиздери боюнча  билим алып  жаткан студенттерге  сунушталат.

“Эл аралык туризм” курсун окуп үйрөнүү  процессинде  туристтик ишмердүүлүктүн бардык аспектилерине көнүл бурулат. Курста   туризм индустриясынын негизги сегменттери, туризмдин уюштуруучулары, паспорттук- визалык суроолор, брондоо жана резервдөө системалары, дүйнөнүн туристтик региондору жана  дүйнө жүзүндөгү туризм жогорку денгээлде өнүккөн мамлекеттер,  алардын тарыхы, экономикасы, тарыхый-маданий эстеликтери, ири шаарлары тууралуу маалыматтар камтылган.  Ошондой эле Кыргызстандын туристтик ресурстары жана  зоналары,   акыркы жылдардагы статистикалык маалыматтарды ала аласыздар.

"Эл аралык туризм” курсуна кош келиниздер! 

Бараканова Айзат

 

“Е” – бул  “электрондук” (англ. «electronic»)  деген сөздүн кыскартылган түрү, ал эми  англис тилиндеги  «learning» - (окутуу деген маанини берет) менен айкашып, термин катары  колдонулуп келет. 

Биз ЭО тууралуу сөз кылууда анын маанисин  өтө кеңири  - б.а, электрондук түрдүү каражаттарды колдонуу менен окутуу процессин түшүнөбүз. 

Абыласынова Г.И.

Жамангулов А.А.

Видео E-окутуу

Кадыркулова Уполь

Асирдинова Толкун

Муканбетова Рахат

Бул электрондук курс Java тилинде NetBeans визуалдык программалоо чөйрөсүндө программаларды түзүүнүнүн баштапкы этаптарын үйрөтөтөт.

«Визуалдык программалоо» курсу «Эсептѳѳ техникасынын жана автоматташтырылган системалардын программдык жабдыктары» адистигинде окуган студенттер жана башка каалочуларга да пайдасы тиет.

Закиряев Кубанычбек

Дюшембаев Жээнбек

          Курс тууралуу: Аналитикалык геометрия дисциплинасы бакалаврларды даярдоонун дээрлик бардык багыттарынын 1-2-курстарынын окуу планында же жогорку математика курсунун бөлγгγ катары же өз алдынча курс катары окутулат. Мунун себеби, аналитикалык геометриянын негизинде математиканын илимде, техникада, табиятты изилдөөдө эң кеңири колдонулуучу методдорунун бири болгон координаттар методу жатат.

    Аналитикалык геометрияны жакшы билүү өзгөчө болочок математика жана физика мугалимдерине, инженерлерге, архитекторлорго, техникалык адистерге абдан маанилүү.

    Ошондой эле, аналитикалык геометрия боюнча кыргыз тилинде окуу китептери, маселелер жыйнактары дээрлик жокко эсе болгондуктан, бул курс аналитикалык геометрияны кыргыз тилинде өздөштүрүүнү каалаган студенттер үчүн пайдалуу болот деген ойдобуз.

Сагынтай кызы Назира